«Тажикстандын адамдары келип, тоноп, үйлөрдү өрттөп жатышат». Облус башчы Жаңы-Жер айылында көйгөй болуп жатканын айтты

Чек арадагы абал оор болуп турат. Кечээ саат ондон баштап ок атышууну токтотууну сүйлөшкөнбүз. Бул тууралуу Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев билдирди.

«Түнү менен атышуу болгон жок. Бирок эртең менен атышуу болуп кетти. Азыркыга чейин айрым жерлерде атышуу болуп жатат. Согди облусу менен түзүлгөн комиссия иштеп жатабыз. Бүгүн облус башчысы менен жолуктум. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жакшы болбой калып жатат. 15:30да дагы жолугуша турган болдук. Ошол жерден да ок атышууну токтотууну сүйлөшөбүз. Эвакуация боюнча, жарандарды унааларга салып, жиберип жатабыз. Ак-Сай толугу менен бизде. Биздин аскер кызматкерлер ошол жерде. Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылында көйгөй болуп турат. Чек арага жакын жерлерде Тажикстандын адамдары келип, тоноп, үйлөрдү өрттөп жатышат. Муну талап коюп, тажиктерге айтып жатабыз»,— деди ал.