Бейшемби, 29.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза болгон Кыргыз жарандарынын тизмеси (толукталууда)

17:00 22.09.2022
0
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза болгон Кыргыз жарандарынын тизмеси (толукталууда)

18-сентябрга карата Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 59 Кыргыз жараны каза болгонун министрликтен маалымдашты.

1. Элзада Маннанова, Достук айылынын тургуну, 15 жашта. Маркум айылдаштары менен Маргун айылын көздөй качып баратканда ага тажиктер тараптан атылган снаряддын сыныгы тийген.
2. Жусупбек Нарматов, Паскы-Арык айылынын тургуну, 54 жашта.
3. Манас Баатырбеков, 27 жашта. Баткендеги №707 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн.
4. Ислам уулу Бектур, прапорщик, 31 жашта. Лейлектеги №2001 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн.
5. Баатырбек Орозов, 42 жашта. Чек арада кызмат өтөгөнүнө 10 жылдан ашкан.
6. Алишер Набиев, Кулунду айылынын тургуну, 22 жашта. Мекенин коргоого армияга кетип, кызматын өтөп, март айында ошол жерде иштөөгө калып калган.
7. Жекшенбек уулу Апсамат, Ат-Башы районун Терек-Суу айылынын тургуну, 24 жашта. Баткенде чек арада кызмат өтөп жүргөнүнө 3 жыл болгон.
8. Илимбек Мурзаев, 27 жашта. Аскердик кызматта иштеп жүргөнүнө 5 жылдан ашкан.
9. Айбек Ысманов, 35 жашта. ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгында өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы кызматында эмгектенип жаткан.
10. Нурбек Баратов, Сүлүктү шаарынын тургуну, 19 жашта. Ушул жылдын апрель айында контракттык түрдө кызмат өтөөгө кеткен.
11. Эламан Ураимов, 29 жашта. Соцтармакта Тажикстандын аскер кызматкерлерин токтотуу үчүн өзүн граната менен жардырып жиберди дешүүдө.
12. Мухтарбек Сулайманов, 25 жашта. Санкт-Петербург шаарындагы аскердик академияны мыкты деген баа менен аяктап, ушул жылдын июнь айында үйлөнгөн.
13. Марат Ташмурзаев, Айдаркен шаарынын тургуну, 20 жашта. Үй-бүлөдө жалгыз уул болгон.
14. Чыңгыз Акчалов, Таластын Бала-Саруу айылынын тургуну, 23 жашта. 2022-жылы «лейтенант» аскердик чинин алып, өз тозотунда батальондун командири болгон.
15. Акадил Канатбеков, Ысык-Көлдүн Тосор айылынын тургуну, 23 жашта. Спецназ болом, үйлөнөм деген пландары бар болгон.
16. Матиса Надиров, Ак-Сай айылынын тургуну. Айылдаштарынын айтымында, жеке ишкер өзү өлтүрүлүп, тоок фермасы да өрттөлгөн.
17. Даниэлбек Малашев, Сузак районунун Кара-Чолок айылынын тургуну, 24 жашта. Үйдүн жалгыз уулу болгон.
18. Жеңишбек Иманбеков, Жумгал районунун Миң-Куш айылынын тургуну, 22 жашта. Үй-бүлөдөгү бир туугандардын экинчиси болгон.
19. Каныбек уулу Дурус. ИИМдин кызматкери болгон.
20. Ачылбек Ташбеков. ИИМдин кызматкери болгон.
21. Айбек Абдилабеков. Катардагы жоокер болгон.
22. Мыктыбек Мурзажанов. ИИМдин кызматкери болгон.
23. Акылбек уулу Баяман, Ала-Бука районунун Жапа-Салды айылынын тургуну, 27 жашта. УКМКнын «Бөрү» отрядынын жоокери болчу.
24. Мирлан Какеев, Аламүдүн районунун Константиновка айылынын тургуну, 34 жашта. 2022-жылдын июнь айынан тартып Баткен облусундагы № 707 аскер бөлүгүндө келишимдин негизинде кызмат өтөп жаткан.
25. Бактияр уулу Рамазан, Таластын Манас районундагы Ичке-Суу айылынын тургуну, 22 жашта. Үйдүн тун уулу болчу.
26. Бейкут Алмаз уулу, Нарын районунун Эчки-Башы айылынын тургуну, 26 жашта. 2021-жылдын апрелиндеги Баткен коогалаңында жарадар болуп, анда көрсөткөн эрдиги үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланган.
27. Арыстаналы уулу Асатбек, Ала-Бука районуна караштуу Тенги айылынын тургуну, 19 жашта. УКМКнын №2022 Капчыгай чек ара тозотунда өз аскердик милдетин аткарып жаткан.
28. Нургазы Боркошов, 35 жашта. Чек Ара кызматынын №2053 аскер бөлүгүнүн кызматкери, прапорщик болгон.
29. Умарбек Курманбеков, Базар-Коргон районунун Коткор айылынын тургуну, 20 жашта. 2021-жылдын сентябрь айында аскерге чакырылып, 3 күндөн кийин кызматын өтөп үйүнө кайтып келмек.
30. Гүлжигит Бектенов, Жалал-Абад облусунун Кызыл-Туу айылынын тургуну, 27 жашта. Соцтармактарда тажик аскерлерин алаксытып, жанындагы жоокерлерди аман калсын деп, кетирип, өзү калып калган аскер.
31. Эрлан Турсунбаев, Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын тургуну, 26 жашта. Каза болордун алдын досторуна октябрь айында келип, үйлөнөрүн айткан.
32. Махаматжан Мапаев, Баткен шаарынын тургуну, 42 жашта. Чек ара кызматында кызмат өтөп жатып, тажик тараптын миномёт менен аткылоосунан оор жаракат алып, курман болгон.
33. Данияр Казакбаев, Токмок шаарынын тургуну, 24 жашта. Прапорщик болгон.
34. Рашид Бердибаев, Кара-Кулжа районунун Жетим-Дөбө айылынын тургуну, 19 жашта. 2021-жылдын сентябрь айында мекенге атуулдук кызматын өтөө үчүн Баткен облусуна жиберилген.
35. Амангелди Балыкчиев, Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн Бообек айылынын тургуну, 20 жашта. Ал Баткен облусунда чек ара кызматын өтөп жаткан.
36. Аты-жөнү жана жашы тактала элек, Миң-Булак айылынын тургуну. Анын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген болгон жана мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
37. Санжар Анаркулов, аскер кызматкери. Журналист Нургазы Анаркуловдун иниси болгон.
38. Аты-жөнү жана жашы тактала элек, Ак-Сай айылындагы мектептин кароолчусу. Уулунун айтымында, аны атып, үстүнө бензин чачып, күйгүзүп жиберишкен.
39. Аты-жөнү жана жашы тактала элек, Ак-Сай айылындагы мектептин кароолчусунун уулу. Агасынын айтымында, анын көкүрөк тушун тытып салышкан.
40. Азамат Мирзакулов, Ош шаарынын тургуну, 19 жашта. Ал Айдаркендеги Капчыгай тозотунда кызмат өтөп жүргөн.
41. Нурислам Карыбеков, Сузактын Октябрь-2 айылынын тургуну, 19 жашта. Өткөн жылы аскерге кетип, анын үйүнө кайтышына 10 күн калган.
42. Кулатбек Абдисамат уулу, Баткендин Ак-Татыр айылынын тургуну, 31 жашта. Ал №2022 аскер бөлүгүнүн Орто-Боз чек ара тозотунун прапорщиги болгон, дал ошол жерде 7 жыл кызмат кылган.
43. Медетбек Абдумалик уулу, 20 жашта. Жаңы-Жер чек ара кошуунунда фельдшер болуп иштеген.

Бужум айылынын жанында БМП менен Портердин кырсыгынан 12 киши каза болгон. Алардын аты-жөнү жарыялана элек.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Баасы 19 миң сом. Мамлекеттик автомектептердеги окутуунун баасы айтылды

Баасы 19 миң сом. Мамлекеттик автомектептердеги окутуунун баасы айтылды

Автор Айзада Тураркулова
14:37 28.01.2026
0

Мамлекеттик автомектептердеги окутуунун баасы 19 миң сомдү түзөт. Бул тууралуу Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди. "Азыр эле...

Садыр Жапаров: «Жеке автомектептердин көпчүлугү  айдоочуну сапаттуу  даярдоого кызыкдар болгон эмес.  Алардын негизги максаты — акча табуу»

Садыр Жапаров: «Жеке автомектептердин көпчүлугү айдоочуну сапаттуу даярдоого кызыкдар болгон эмес. Алардын негизги максаты — акча табуу»

Автор Айзада Тураркулова
14:19 28.01.2026
0

Өлкө башчыс Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүк алуу, жеке автомектептердин жабылуусу боюнча "Кабар" агенттигине маек берди. Ал "Жеке автомектептерди жаппай эле...

Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

Автор Айзада Тураркулова
14:56 27.01.2026
3

СерепТВ редакциясы учурда коомчулукта катуу талкууга түшкөн Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановго мурунку жубайы менен болгон чырынын айланасында пикирин билүү...

«Кийиз Дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

«Кийиз Дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

Автор Айзада Тураркулова
10:12 26.01.2026
0

"Кийиз Дүйнө" коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова  48 жаш каза болду. Бул тууралуу маркум жетектеген фонд билдирди. Маалыматка...

Ошто жер титиреди

Ошто жер титиреди

Автор Айзада Тураркулова
10:06 26.01.2026
0

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн саат 03:54дө Кыргызстандын аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Маалыматка ылайык, жердин...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн  тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу  керек»

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: "Жаңы гимн тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу керек"

11:41 28.01.2026
Баасы 19 миң сом. Мамлекеттик автомектептердеги окутуунун баасы айтылды

Баасы 19 миң сом. Мамлекеттик автомектептердеги окутуунун баасы айтылды

14:37 28.01.2026
Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

10:13 28.01.2026
Баасы 19 миң сом. Мамлекеттик автомектептердеги окутуунун баасы айтылды

Баасы 19 миң сом. Мамлекеттик автомектептердеги окутуунун баасы айтылды

14:37 28.01.2026
Садыр Жапаров: «Жеке автомектептердин көпчүлугү  айдоочуну сапаттуу  даярдоого кызыкдар болгон эмес.  Алардын негизги максаты — акча табуу»

Садыр Жапаров: «Жеке автомектептердин көпчүлугү айдоочуну сапаттуу даярдоого кызыкдар болгон эмес. Алардын негизги максаты — акча табуу»

14:19 28.01.2026
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн  тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу  керек»

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: "Жаңы гимн тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу керек"

11:41 28.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү