Президенттик администрация Тажикстан менен чек ара маселесиндеги Достук айылы боюнча тактоо киргизди.
«Айрымдар чек ара боюнча алмашылган Достук айылы тууралуу так эмес маалымат таратып, аны Лейлек районуна караштуу Достук айылы менен алмаштырып жатышат. Бул Баткен районундагы Достук айылы жөнүндө сөз болуп жатат. Мурунку аты – суу боюндагы Кара-Бак. Айылдын жалпы аянты 35 гектар жана ал чакан айыл болуп эсептелет. Лейлек районундагы Достук айылына эч кандай тиешеси жок экенин билдиребиз», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев «Достук айылын толугу менен Тажикстанга бердик. Анткени ал биздин айылдардан эң алыс жайгашкан. Айылдан бизге стратегиялык же экономикалык пайда жок. 91 гектардын ордуна 91 гектар жер алдык. Бирок тажик тарапка жаңы үй курганбыз деп шарт койдук. Чек ара заставабыз да бар, ошону дагы кошуп бердик. Ушуга компенсация деп Кара-Бак айылынын жанынан 30 гектар сугат жер алдык. Достук айылындагыларды ал жерге көчүрүп, тургундарга кайрадан үй салып беребиз” деген.











