Бүгүн, 1-июль саат 09:00гө карата ӨКМ Такыр-Төрдөгү абал боюнча маалымат берди.
Маалыматка караганда, Алмалуу айылынан 500 адам, Кебек-Бий (Горная-Серафимовка) айылынан 240 адам, Нижняя-Серафимовка айылында жайгашкан карылар үйүнөн 42 адам коопсуз жайга эвакуацияланды.
Нижняя-Серафимовка айылында жайгашкан карылар үйүндөгү жарандарды Тез жардам менен эвакуация жүргүзүлүүдө.
Маалым болгондой, 1-июлга караган түнкү саат 03:00 чамаларында Ысык-Ата районунда жайгашкан Такыр-Төр көлүнүн агып жаткан суусунун көлөмү көбөйө баштап, Алмалуу жана Горная-Серафимовка айылдарынын ортосундагы унаа жолду каптап, унаа жол жабылган.
Азыркы учурда абал турукташкандыгына байланыштуу эвакуация болгон жарандар өз үйлөрүнө кайтышууда.











