SerepTV Logo

Таласта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өттү

Таласта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өттү
 
11-сентябрда Талас шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган масштабдуу майрамдык иш-чаралар болуп өттү. Бул тууралуу маданият министрлигинен маалымдашты.

Шаардын борбордук аянтында өткөн салтанат «Тарых изи: жаралуудан келечекке» аттуу театралдаштырылган көрсөтүү менен башталды. Анда бий, музыка жана визуалдык эффекттер аркылуу кыргыз элинин тарыхындагы негизги окуялар жана тарыхый доорлор чагылдырылды. Көрсөтүүдө байыркы мезгилдерден жана Манас доорунан тартып Үркүн трагедиясы, советтик мезгил, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары, базар экономикасынын калыптанышы жана массалык миграция сыяктуу тарыхый этаптар баяндалды.

Иш-чаранын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, Кыргызстандын 35 жылдык эгемендүүлүк жолундагы жетишкендиктерге токтолду. Ошондой эле өлкөнү экономикалык жактан күчтүү, заманбап жана өз алдынча мамлекет катары өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык милдеттер белгиленди. Мындан ары өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги багыттары катары улуттук биримдикти бекемдөө, тарыхый жана руханий мурастарды сактоо, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана адамдык потенциалды чыңдоо белгиленди. Майрамдык иш-чаралардын соңунда Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн белгилүү эстрада аткаруучуларынын катышуусунда концерттик программа тартууланды.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 36 жылдыгын белгилөө Нарын облусунда өтөрүн билдирди.
SEREP MEDIA