Abank_june
SerepTV Logo

Таласта сууга агып кеткен өспүрүмдү издөөдө суучул каза болду

Таласта сууга агып кеткен өспүрүмдү издөөдө суучул каза болду
Талас дарыясына агып кеткен өспүрүмдү издөө иштеринин жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулу кызматтык милдетин аткарып жатып каза болду. Бул тууралуу Талас мэриясынан маалымдашты.

Бул кайгылуу окуяга байланыштуу Талас облусунун аймагында өткөрүлүшү пландалган бардык майрамдык, маданий жана массалык иш-чаралар белгисиз мөөнөткө жылдырылды.