Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Таластагы аты жок чокуга «Бакай-Ата» аталышын берүү боюнча мыйзам долбоор каралып, үчүнчү окууда колдоо тапты.
Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагынын Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан тоо кыркасынын бийиктиги 4457 метр.