Талас районунда 28-мартта саат 4:42де жана саат 16:56да катталган жер титирөөдөн 48 үй зыянга учураганы аныкталып, акт түзүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жер силкинүү болгон күндөн тартып айыл аймактарда иликтөө иштерин жүргүзүшүп, жарака кеткен үйлөрдү аныкташты. Алардын берген маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө зыянга учураган 48 турак үйдүн 31и камсыздандырылган. Калган 17 үй камсыздандыруудан өткөн эмес»,- деп айтылат маалыматта.
Жарака кеткен үйлөр:
• Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылында – 26;
• Арал айылында – 12;
• Үч-Эмчек айылында – 2;
• Шумкар-Уя айыл аймагынын Талды-Булак айылында – 6;
• Чоң-Алыш айыл аймагынын Манас айылында – 1;
• Кең-Кол айыл аймагынын Көк-Ой айылында – 1.