«Регион» телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин буга чейин Нарынга барып жыйын өткөргөн видеосун толугу менен жарыялады.
Буга соцтармакта Ташиев барып кеткенден кийин жолдо жумуш 2-3 күн гана жүрүп, кайра токтоп калды деген сөздөр себеп болгонун айтты. Ал облуста жолдор жасалып бүткүчө иш президент менен УКМК төрагасынын тыкыр көзөмөлүндө болорун айтып, ага кабатыр болбоого чакырган.
Жыйында Нарын мэри калаадагы эки чоң жолду «Бета групп» компаниясы жасап, бирок иш жылбай жатканын айткан. Ташиев компаниянын ишин текшерүүнү талап кылып, жетекчисин таап келүүнү буйруган.
«Бишкекте болсо Бишкектен, Нарында болсо Нарындан тапкыла. Келбей турган болсо, Бишкектеги кесиптештерге айтып, таап, кармап, алып келгиле. Ушул жерге жол бүткүчө столбага тамак да бербей байлап койгула», — деген Ташиев.
Жыйында транспорт министри шаардагы Шералиев көчөсүн 10-августка чейин, Ленин көчөсүн 20-сентябрга чейин бүтүрүүнү убадалаган. Облус боюнча быйыл 266 чакырым жолду жасоо каралганын айтып, жыл этегине чейин план 100% аткарыларын кошумчалаган.











