Бүгүн, 22-мартта Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев эртең мененки рейдди Резиденция аймагындагы Ибраимов, Айтматов, Ленин, Достук №3, №8, №9, №10, №12, А.Карашев көчөлөрүндө өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Шаар башчысынын тапшырмасы менен аталган көчөлөрдө кызыл сызыктан чыккан курулуштар алынат. Ошондой эле тосмолор менен бөгөлгөн жолдор ачылып, иретке келтирилет.