Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 05:41де өлкө аймагында очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Орказган, Канжыга, Ак-Терек, Жийде айылдарында 3 балл, Салам-Алик, Кош-Этер айылдарында 2,5 баллга (Орказган айылынан 11 чакырым түштүк чыгышта, Ак-Терек айылынан 12 чакырым түндүк чыгышта, Жийде айылынан 15 чакырым түндүк чыгышта, Салам-Алик айылынан 19 чакырым түндүк батышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.