УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Абхазия, Армениядан алып келинген унаалардын колдонуучуларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жыйынга президенттин администрациясынын, УКМКнын, ИИМдин, Мамлекеттик бажы кызматынын, Салык кызматынын жана автоунаа каражаттарынын колдонуучуларынын өкүлдөрү катышты. Буга чейин Кыргызстан Абхазия унааларынын номурларын жана башка документтерин тааныбай тургандыгы, андыктан ал өлкөдөн алынып келинген унаалар мыйзамсыз экендиги айтылган. Мындан улам, тийиштүү органдар тарабынан атайын текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүп, Армения менен Абхазиядан кирген унаалар айып короо жайына токтотулууда. Мындай көрүнүшкө айрым айдоочулар нааразычылыгын билдиришип, өлкө жетекчилигине кайрылышкан.
Камчыбек Ташиев нааразычылыгын билдирип жаткан айдоочулардын пикирин угуп, аларга 2015-жылы Кыргызстанга оң рулдуу унааларды ташып кирүүгө тыюу салынган мыйзам бар экендигин эскертти. Ошондой эле, мыйзамсыз түрдө өлкөгө кирген унааларды пайдаланууга жол берилбестигин, баары мыйзамдын чегинде көзөмөлдө болоорун белгиледи.
«Азыр Кыргызстанда 15 миңге чукул Армения менен Абхазиядан келген унаалар бар, алардын 90 пайызы оң рулдуу болуп саналат. Аталган унаалардын көбү комплектөөчү катары алып келинип, кураштырылган. Мындай унаалар мыйзамсыз болуп, жол кырсыктары катталып, адам өмүрүнө да коркунуч келтирилген учурлар катталууда. Алсак, Кыргызстандагы жол кырсыктарынын үчтөн экиси оң рулдуу унаалардын кесепетинен болуп жатат. Андыктан Камчыбек Ташиев мыйзамсыз унаалардын колдонуучуларынын өкүлдөрүнө кайрылып, мыйзамсыз унааларды пайдаланууга жана өлкө аймагына алып кирүүгө бүгүндөн тарта катуу чаралар колдонула тургандыгын айттып өттү», — деп айтылат маалыматта.
“Бир дагы мыйзамсыз унаа Кыргызстандын аймагында жүрбөөсү керек, силер жеке өзүңөрдү ойлоп, 5000-6000 долларга алган унааңар жарандардын өмүрүнө коркунуч жаратууда. Силер бизди “нааразычылык акцияларына чыгабыз” деп коркутпагыла, мыйзамсыз алып келип, “легалдаштырып бергиле” деп, доо да койбогула. Садыр Нуркожоевичтин тапшырмасынын негизинде унаа ээлеринин кандайдыр бир документи барларын, техникалык абалы жакшыларын карап чыгып, мыйзамдаштырып берели деп жатабыз, бирок алардын ичинде мыйзамдашпай тургандары да бар. Азырынча чечим кабыл алына элек. Унааңар мыйзамсызбы? Айдап чыкпагыла”, – деп эскертти Камчыбек Ташиев.
Ал эми жолугушуунун жүрүшүндө тийиштүү мекемелердин жана унаа каражаттарынын колдонуучуларынын өкүлдөрү тарабынан айтылган сунуш-пикирлердин баарын эске алуу менен жакын арада тийиштүү чечимдер кабыл алына тургандыгы белгиленди.