Камчыбек Ташиев 2022-жылдын 16-сентябрындагы кагылышууда жаракат алган чек арачы Таирбек Инхамовго батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Бүгүн, 19-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда согуштук жаракаттарды алган чек ара кызматкери Инхамов Таирбек Давранович менен жолугушту. Жолугушууда ага Бишкек шаарында жайгашкан 2 бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды. Мындан сырткары, УКМКнын төрагасы Таирбек Инхамовдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирди жана өсүп келе жаткан жаш муунга үлгү экендигин белгиледи. Согуштук аракеттерге катышкан баатырлардын эмгегин мамлекет эч качан унутпай турганын кошумчалады.
2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда, Таирбек Инхамов минометтун жарылуусунан эки бутунан катуу жаракат алып, колун ок тешип өтүп кеткен, ошондой эле сол көзүнөн ажыраган. Учурда ал ата-энеси менен жашайт.