УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ЦУМдун жанында курулуп жаткан имараттын үчүнчү кабатын буздурууну тапшырды.
Мэр УКМК төрагасына долбоор боюнча имарат эки кабаттуу болушу керектигин билдирди. Ал эми курулуштун жетекчиси Нариман Түлеев өрт коопсуздугун камсыздаган пункт керек болгону үчүн ушундай болгонун айтты. «Үчүнчү кабатты ар кандай шылтоо менен кошуп алыптырсыз. Эл туура эле сындап жатат. Эл сындабаса үч эмес, беш кабат кылмаксыз, жолду дагы кичирейтмексиз», — деди Ташиев.
Ал ошондой эле мэрге долбоорду кагазда жазылгандай кылып аткаруу керектигин айтып, тыкыр көзөмөл жүргүзүүнү тапшырды.












