УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда болду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Төрага борбордун дарыгерлеринин кайрылуусуна ылайык, балдар эндоскопия бөлүмүнө 16,5 миллион сомдук «SonoScape 550» маркасындагы «Эндоскоп» медициналык жабдыктарын тапшырды.
Бул жабдуулар ички органдарды жана ар кандай хирургиялык манипуляцияларды изилдөөгө мүмкүндүк берет жана балдардын ар кандай ооруларын дарылоо боюнча медициналык кызматкерлердин ишин жеңилдетет.