УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ошко барган сапарында чекисттердин арасында да коррупционерлер бар экенин айтып, мындайлар аныкталса камаларын эскерткен. Бул тууралуу Спутник жазды.
«Биздин кызматкерлер таптаза деп ойлобогула. Өзүнүн кызматынан, бийлигинен пайдаланып, атыбызды сатып коррупция кылгандар дагы бар. Аларды да жоопко тартып жатабыз. Менин атымды саткандар бар, кечээ эле бирөөсүн кармадык. Ал «биз төрагага алып барып беришибиз керек, күтүп жатат» деп акча алган. Урматтуу эл-журт, эч качан андай нерселерге ишенбегиле. Мен, жанымда жүргөндөр коррупцияга илешпейт. Илеше турган болсо президенттин алдында жооп беребиз», — деген Ташиев.











