«Ирина Карамушкина менен Темирлан Султанбеков бизге душман эмес». Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште билдирди.
«Алар мыйзамды бузушту, кандай гана артыкчылыктары болбосун, мыйзам менен жооп берет. Султанбеков боюнча «ага эрегишпегиле, ал бала» деп жатышат. Анда өзүн баладай алып жүрсүн. Ал мамлекетти башкаргысы келет. «Эгер башкара албасаңар, мен башкарайын» деп жатат. Өлкөнү башкаргыдай болуп чоңойсун», — деди Ташиев.
Буга чейин Бишкек ШИИБ маалымат таратып, добуш сатып алууга шектелип “Социал-демократтар” саясий партиясынын бир катар мүчөлөрү кармалганын билдирген. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
2-декабрда Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы депутат жана партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын мүчөсү Роза Түрксеверди камакта калтырган чечимин күчүндө калтырган.