УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 16-январда Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин (орун басарлары), ЖОЖдордун ректорлорунун, кесиптик лицейлердин жана колледждердин директорлорунун катышуусунда профилактикалык кеңешме өткөргөн.
Ал жыйында сөз сүйлөп жатып, мамлекет үчүн «мыйзамдагы ууруну» жок кылуу чечимин кабыл алганын айтты.
«Мыйзамдагы ууру», «положенец», «смотрящий» дегендер өлкөдөгү бийликти камтып алышкан. Аларда мамлекеттикиндей эле система болгон. Президенти, облустарда, райондордо, шаарларда көзөмөлдөөчүлөрү болгон. Ишкерлерден акча чогултуп турушкан. Кыскасы, өзүлөрүнүн системасы болгон. Мамлекет үчүн «мыйзамдагы ууруну» жок кылуу чечимин кабыл алгам. Андан кийин анын шериктери жок кылынды. Азыр өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ жок», — деди төрага.