УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылуу жасап, корпоративдер тууралуу үн катты.
«Бардык мамлекеттик органдар корпоратив өткөрүшөт. УКМКда буга тыюу салынган. Биздин эсеп боюнча миңге жакын корпоратив өтөт экен. 50дөн 500гө чейин адам чогулат экен. Эбегейсиз акчалар кетип жатат. Эң аз дегенде бир корпоративге 10 миң доллар кетсе, 1000 корпоративге канча акча кетет. Бул акчага муктаж болгон 200 адамга батир алып берип коймокпуз. А биз эмне кылып жатабыз? 2-3 сатта ичип-жеп жатабыз», — деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram