Оштогу ат майдандагы болгон башаламандык боюнча УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев үн катып, чырга айлантып жибергендер жазасын калбарын билдирди.
«Бүгүн баарыбыз Эгемендик күнүн майрамдап, өлкөнүн бардык жерлеринде майрам өтүп жатат. Ошолордун бири Оштогу «Төлөйкөн» ат майданындагы болгон окуя боюнча айтып кетейин дедим. Ал жерде жосунсуз жорук катталды. Өтө көп адам чогулгандыктан эки команданын беттеши чырга айланды. Жакшы эмес адамдар, 5 -10 жакшы эмес адамдын кылыгынан көпчүлүк эл эмоцияга берилип кетти. Кыргыз болгондон кийин ынтымактуу болуп, тынчтыкты сактаганга милдеттүүбүз. Бул спорт. Бирөө утат, бирөө жеңилет. Укук коргоо органдары, коопсуздук органдары ошол жердеги видеолорду көрүп, факты топтошуп, кайсы адамдар ошону баштаганын аныктап, тактайт. Ар бирине мыйзам чегинде чара көрүлөт. Биз эч качан региондорго бөлүнбөшүбүз керек», — деди ал.
23-июлга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде,...
29 жаштагы Эржан Төлөбек уулу Долон капчыгайына таш көпүрө курду. "Табигый таштардан, устачылык чеберчилик менен курулган көпүрө аймактын кооздугун арттырат....
Бүгүн, 23-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратынын жана борбордук аянттын курулушунан кабар...
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Базар-Коргон жана Ноокендеги ипотекалык үйлөрдүн курулушунан кабар алганы барган. Ал жерде Ноокен райондук администрациясынын жетекчисинин биринчи...
Казак ырчысы Димаш Кудайберген Кыргызстанда концерт берүүнү каалай турганын билдирди. "Мен бул жерде концерт берүүнү аябай каалайм, бирок дүйнөлүк тур...