Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги чакырылышынын депутаттары өз ишин баштады. Нургазы Анаркулов сүрдөгөн депутаттар боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас менен сүйлөшкөн аудиосун жарыялады.
“Менин жообумдун ордуна, бүгүн уулум Тай-Мурас менен болгон сүйлөшүүбүздүн үн жазмасын чыгарып койсоңуздар жакшы болот эле. Айрым адамдар үчүн чоң сабак болоор. Кимдир бирөөгө сын тагаардан алыс бололу. Жаңы парламенттин келечекте кандай болорун ким билет? Балким, ошол сынга кабылган балдардан чоң демилгелер чыгаар? Мен парламенттин ишине ийгилик каалайм”, — деген.
Үн жазуу атайын жаздырылган эместиги айтылды.