Ташкент-Тамчы багыты боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын аткара баштады. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» билдирди.
Каттамдар 22-июндан тарта аткарыла баштады жана 2025-жылдын 10-августуна чейин жекшемби күндөрү жүргүзүлөт.
«Бул багытта каттамдардын ачылышы Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы ыңгайлуу жана жеткиликтүү авиакаттамдардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрөт«,- деп айтылат маалыматта.