Бүгүн, 21-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Тилекмат Кудайберген уулун 19-майга чейин камакка алды.
19-апрелде УКМК тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Тилекмат Куренов БАЭден кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.
«Учурда анын кылмыштуу байланыштарын аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары Кыргыз Республикасынын аймагында да, республиканын чегинен тышкары жерлерде да жүргүзүлүүдө»,- дешкен УКМКдан.








