Шаршемби, 08.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

ТИМ: Айдоочулук күбөлүгү таанылбай жатат деген маалыматтар расмий тастыктамага ээ эмес

10:10 04.04.2026
0
ТИМ: Айдоочулук күбөлүгү таанылбай жатат деген маалыматтар расмий тастыктамага ээ эмес

Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 3-декабрындагы №773 токтомун аткаруу максатында министрлик тарабынан 2025-жылкы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн легалдаштыруу жана чет мамлекеттерди дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер аркылуу маалымдоо боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлдү. Көрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында бүгүнкү күнгө карата 2025-жылкы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн тааныбоо тууралуу Министрликтин дарегине расмий кайрылуулар түшкөн жок. Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгү таанылбай жатат деген маалыматтар расмий тастыктамага ээ эмес жана чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын расмий билдирүүлөрүнө негизделбейт.

Министрлик жүк жана жүргүнчү ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочусу катары Европа бирлигине мүчө мамлекеттерде эмгек ишмердүүлүгүн пландаштырып же жүргүзүп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына колдонуудагы талаптар тууралуу маалымдайт. Европа бирлигинин укугуна ылайык, анын ичинде айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө 2006/126/EC Директивасына жана айдоочулардын квалификациясы жөнүндө 2003/59/EC Директивасына ылайык, айдоочу катары ишке уруксат берүү Европа бирлигинин ченемдери жана тиешелүү мүчө мамлекеттин улуттук мыйзамдары менен аныкталат.

Үчүнчү өлкөлөр тарабынан берилген айдоочулук күбөлүктөрдү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын күбөлүктөрүн колдонуу жана (же) алмаштыруу конкреттүү Европа бирлигине мүчө мамлекеттин улуттук мыйзамдары аркылуу жөнгө салынат. Мындай күбөлүктөр ЕБда өз ара таануунун бирдиктүү тартибине кирбейт. Айрым учурларда аларды алмаштыруу үчүн теориялык жана (же) практикалык сынактарды тапшыруу сыяктуу белгиленген жол-жоболордон өтүү талап кылынат. Бул талаптар Европа бирлигине кирбеген бардык мамлекеттердин жарандарына тиешелүү.

Ошол эле учурда Министрлик Европа бирлигинин талаптары, анын ичинде Code 95 белгисинин болушу, айдоочулардын кесиптик ишмердүүлүгүнө кирүүгө байланыштуу экенин белгилейт. Ушуга байланыштуу айрым Европа бирлигине мүчө мамлекеттерде Code 95 алуу, кошумча окуудан өтүү же күбөлүктү алмаштыруу зарылдыгы айдоочулардын кесиптик квалификациясына коюлган талаптар жана тиешелүү өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү менен шартталат.

Кесиптик квалификация (Code 95)
C1, C, C1E, CE, D1, D, D1E жана DE категорияларындагы транспорт каражаттарын башкарган айдоочу болуп иштөө үчүн жарактуу кесиптик квалификацияны тастыктаган белгилердин (Code 95) болушу милдеттүү.

Code 95 — бул жүк жана жүргүнчүлөрдү коммерциялык ташууларды аткаруу үчүн милдеттүү окутуудан өткөнүн тастыктаган жана кесипкөй айдоочу катары иштөөгө уруксат берүүнүн зарыл шарты болуп эсептелген Европа бирлигинде бекитилген белги.

Code 95 алуу баштапкы квалификациядан өткөндөн кийин жүзөгө ашырылат. Анын жарактуулугун узартуу үчүн ар 5 жыл сайын жалпы узактыгы 35 саатты түзгөн үзгүлтүксүз окуудан өтүү талап кылынат. Окутуу этап-этабы менен (ар бир модуль кеминде 7 сааттан) жүргүзүлөт жана мүчө мамлекеттердин улуттук эрежелерине ылайык теориялык жана практикалык бөлүктөрдү камтышы мүмкүн. Code 95 тастыктамасы айдоочулук күбөлүккө белгиленип тиркелет же жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлгөн өзүнчө айдоочунун картасы түрүндө берилет.

Code 95 боюнча талаптар айдоочулардын кесиптик квалификациясына гана тиешелүү болуп, транспорт каражатын башкаруу укугун тастыктаган документ катары Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн таануу маселеси менен байланыштуу эмес.

Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарына Европа бирлигине мүчө мамлекеттерде эмгек ишмердүүлүгүн пландаштырууда барган өлкөнүн мыйзам талаптарын эске алууну сунуштайт.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Бишкек 230 миңден ашуун жоогазынга бөлөндү

Бишкек 230 миңден ашуун жоогазынга бөлөндү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:41 08.04.2026
0

Бул жазда борбор калаабыз гүлгө оролду – шаардагы сейил бактар менен  гүл бакчаларды 230 миңден ашуун жоогазын кооздоп турат. Бул...

Милиция таксисттерди акыркы күндөрдү күтпөй, эрте лицензия алууга чакырды

Милиция таксисттерди акыркы күндөрдү күтпөй, эрте лицензия алууга чакырды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:37 08.04.2026
0

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен, такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылган. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты. Бүгүнкү күндө 14...

Депутат: «Өлкө боюнча 947ге жакын предметтик мугалим жетишпейт»

Депутат: «Өлкө боюнча 947ге жакын предметтик мугалим жетишпейт»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:32 08.04.2026
0

Депутат Илимбек Кубанычбеков мугалимдердин укуктарын коргоо боюнча маселе көтөрдү. Эл өкүлү акыркы жылдары окутуучуларга карата сыйлабастык, кысым көрсөтүү жана зомбулук...

Депутат Талиева: «Үй-бүлөлүк көйгөйлөр күчөп кетти»

Депутат Талиева: «Үй-бүлөлүк көйгөйлөр күчөп кетти»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:28 08.04.2026
0

Депутат Камила Талиева үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөштү күчөтүү маселесин ортого салып, айрыкча, Башкы прокурордон 4-апрелде Жал кичи районунда катталган кайгылуу окуя боюнча объективдүү...

Жогорку Кеңеш 2025-жылга карата өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө Башкы прокуратуранын отчетун угуп, эске алды

Жогорку Кеңеш 2025-жылга карата өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө Башкы прокуратуранын отчетун угуп, эске алды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:24 08.04.2026
0

Жогорку Кеңештин жыйынында 2025-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Башкы...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Үрөй учурган окуя: чет элдиктер кыргызстандыктан үч баланы сатып алып, аларды кыйнашкан

Үрөй учурган окуя: чет элдиктер кыргызстандыктан үч баланы сатып алып, аларды кыйнашкан

17:48 07.04.2026
УКМК: Аламүдүн райондук сотунун судьясы коррупцияга шектелип кармалды

УКМК: Аламүдүн райондук сотунун судьясы коррупцияга шектелип кармалды

17:28 07.04.2026
Баткенде айгүл гүлү гүлдөдү

Баткенде айгүл гүлү гүлдөдү

17:10 07.04.2026
Бишкек 230 миңден ашуун жоогазынга бөлөндү

Бишкек 230 миңден ашуун жоогазынга бөлөндү

15:41 08.04.2026
Милиция таксисттерди акыркы күндөрдү күтпөй, эрте лицензия алууга чакырды

Милиция таксисттерди акыркы күндөрдү күтпөй, эрте лицензия алууга чакырды

15:37 08.04.2026
Депутат: «Өлкө боюнча 947ге жакын предметтик мугалим жетишпейт»

Депутат: "Өлкө боюнча 947ге жакын предметтик мугалим жетишпейт"

15:32 08.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү