Израилде жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Министрлик Израилдеги Кыргыз жарандарына аскердик кагылышуу болгон аймактарга барбоону сунуштайт. Элчилик кыргызстандыктарды +905456896800 ишеним телефонуна чалууну өтүнөт.
7-октябрда таңкы убакытта ХАМАС уюму Израилдин шаарларын көздөй беш миңдей ракета коё берип, бир нече ондогон согушчандар Газа тилкеси менен чектешкен Израилдин айылдарына бастырып кирген. Израилдин бийлиги өлкөнүн аймагына 2 миңдей ракета соккусу тийгенин билдирген.