Тышкы иштер министрлиги тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону чагылдырууга катышуу үчүн чет өлкөлүк журналисттерди аккредитациялоо башталды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Шайлоону чагылдырууга катышууну каалаган чет элдик ЖМКлардын өкүлдөрү Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменттинин press@mfa.gov.kg электрондук почтасына «Шайлоо 2021» деген белги менен төмөндө көрсөтүлгөн документтердин тизмесин жөнөтүүсү зарыл.
Тизме:
- Жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчисинин кол тамгасы менен жалпыга маалымдоо каражатынын расмий бланкына жазылган кат (жөнөтүлүп жаткан кабарчылардын, техникалык кызматкерлердин аты-жөнү, аккредитациялоо мөөнөтү жана максаты);
- Көрсөтүлгөн жалпыга маалымдоо каражаты жөнүндө маалымат;
- Толтурулган анкета формасы (Анкета);
- Паспорттун сканирленген көчүрмөсү;
- Электрондук түрдөгү 3*4 форматындагы сүрөт;
- Аталган документтердин топтомун 2021-жылдын 1-ноябрына чейин жөнөтүү зарыл.
Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин алынган билдирмелер кабыл алынбайт.
Билдирмени жөнөтүү автоматтык түрдө аккредитация алуу дегенди билдирбейт. Кайрылууну карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча министрлик тарабынан журналисттерди аккредитациялоо же болбосо аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.