Мигранттар Орусияда жүрүү укугун мыйзамдаштырып же Орусиядан чыгып кетүүсү керек. Учурда документи жоктор реестрге киргизилип жатат. Ага 67 миңге жакын кыргызстандык киргизилген, алардын көбүнүн банк карталары бөгөттөлгөн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
ТИМ билдиргендей, 5-февралдан тарта Орусияда миграция мыйзамдарына ылайык, өлкөдөн чыгаруу деген жаңы укуктук режим киргизилген. Бул Орусияда жүргөн, бирок анда жүрүүгө мыйзамдуу негиздери жок чет өлкөлүк жарандарга карата колдонулат.









