Тышкы иштер министрлиги Сирия Араб Республикасындагы кырдаалды тыкыр көзөмөлдөөнү улантууда. Министрлик Сириянын аймагында жүргөн Кыргыз жарандарынын көңүлүн коопсуздук чараларын сактоо зарылдыгына бурат.
Кырдаал турукташканга чейин министрлик жарандарга Сириянын аймагынан чыгып кетүүнү сунуштайт.
Зарыл болгон учурда Кыргыз жарандары консультация же жардам алуу үчүн төмөнкү ыкчам телефондору аркылуу кайрыла алышат:
- Кыргыз Республикасынын Кувейттеги элчилиги: +965 517 021 80;
- Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги: +90 545 689 68 00.