Тиш дарылатып чарчап калган 3 жаштагы кыздын өлүмү боюнча 23-декабрда Бишкектин Октябрь райондук сотунун өкүмү чыккан. Бүгүн, 26-декабрда Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин профсоюздар өкүлдөрү «Акипресс» агенттигинде маалымат жыйын өткөрүштү.
Кыргызстандын медициналык профсоюзунун төрайымы Бермет Барыктабасованын айтымында, өлкөдөгү дарыгерлер бул катаал өкүм боюнча абдан тынчсызданып жатышат.
«Кичинекей 3 жаштагы кыздын тиш доктордун креслосунда каза болгондугу боюнча соттун өкүмү катаал чыкты. Абдан көп кесиптештерибиз «Эмне үчүн дарыгерлерге карата мындай оор чечим чыкты?» деп бизге кайрылышты. Дарыгерлер коому абдан коркуп, стресс болуп жатышат», — деди Бермет Барыктабасова.
Эске сала кетсек, райондук инстанциядагы соттун чечими менен стоматолог 5 жыл 6 айга, стоматологдун жолдошу 5 жылга, анестезиолог 6 жылга кесилген. КММАнын медициналык борборунун ошол учурдагы директору 5 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, бирок 3 жылдык пробация менен сот залынан бошотулган. Ал эми клиниканын директору кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган. Андан сырткары жабырлануучулардын (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) пайдасына 1 миллион сом өлчөмүндө моралдык зыяндын ордун толтуруу жана 541 миң 745 сом өлчөмүндө материалдык чыгым чегерилген.