Саат кечки 22:00дөн кийин Бишкектеги тойкана, кафелер ишин токтотуп жатыптыр. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.
«Тынчтык тууралуу мыйзам эч кимдин иштөөсүнө тыюу салбайт. 22:00дөн кийин жөн гана тынчтыкты бузган катуу үн болбошу керек. Ресторандар калктуу конуштан алыс болсо, алар эч кимге тоскоол болбойт да. Мисалы, 7-апрель көчөсүндөгү ресторандар иштей берсе болот, себеби, антрактка чыксаң деле музыкасы сыртка угулбайт да», — деди депутат.
Кафе, тойканаларда тойлор саат 22:00дө бүтө баштаганы айтылып жатат. Бир катар тойканалар муну «Тынчтык жөнүндө» мыйзамы менен байланыштырышкан.











