Токмокто карындашын коргоп, ок чыгарган жарандын бир тууганы ооруканадан чыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү билдирди.
«Бүгүн ооруканадан чыгып жатам. Үйдөн дагы дарыланууну улантам»,- деди ал.
1-июлда карындашына зомбулук көрсөткөн адамга травматикалык тапанчадан ок чыгарып, өлтүрүп алууга шектелген жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 3-июлда анын бөгөт чарасы каралып, 2 айга камакта калтырылды.
SUPERTV каргашалуу окуяда жапа чеккен Асел Жумакуловадан маек алган.