Токмок шаарында жаңыланган кичи футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Токмок шаарынын 3-кичи районунда капиталдык оңдоодон кийин кичи футбол аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болду. Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин 1-3-кичи райондордун ортосундагы сейил бактын курулушу менен таанышуу боюнча иш сапарынын алкагында, балдар төрагага учурдагы футбол аянтчасын калыбына келтирүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Жыйынтыгында Камчыбек Кыдыршаевичтин тапшырмасы менен ири оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында футбол аянтчасы толугу менен оңдолду:
* заманбап жасалма газон төшөлдү;
* тосмо торлору алмаштырылды;
* аянтка таманташ (брусчатка) төшөлдү;
* жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү — карагайлар жана гүлдөр отургузулду.
Мекеменин ачылыш аземинде Камчыбек Ташиев балдарга футбол топторун жана спорттук форма белекке берди, ошондой эле аларга жакшы каалоо-тилектерин айтып, спорттун жана жаш муундар үчүн сергек жашоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.












