Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

Агартуу министрлиги Токмок шаарындагы №6 жалпы билим берүү мектебинде жашы жете элек кызга байланыштуу болгон окуя боюнча Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнө өз убагында кылдат териштирүү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасын берген.
Учурда Токмок шаарынын мэриясы тарабынан атайын комиссия түзүлүп, териштирүү иштери улантылууда. Мындан тышкары, бул окуя боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан иликтөө жүргүзүлүүдө. Агартуу министрлиги териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин билдирет. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө.