Жогорку сот Токмоктун мурдагы мэри Урмат Самаевди актады. Бул тууралуу соттон билдиришти.
«Токмок шаардык сотунун 2024-жылдын 9-февралындагы өкүмүнө ылайык Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту боюнча ага коюлган айып боюнча күнөөсүз деп табылып, кылмыш курамынын жоктугу үчүн акталган.
Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасоодо күнөөлүү деп табылып, ага карата 10 000 (он миң) эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып салынган.
Чүй облустук сотунун 2024-жылдын 18-июлундагы өкүмү менен Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун 2024-жылдын 9-февралындагы өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган»,— деп айтылат маалыматта.