Президенттин администрациясы, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, ошондой эле өлкөнүн тиешелүү чыгармачыл бирликтери тарабынан Адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысын изденип алууга чыгармачыл эмгектерди кабыл алуу жарыяланды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кабыл алуу ушул жылдын 3-мартынан 31-мартына чейин башталгандыгын жарыялайт.
«Кароого 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде жарыяланган көркөм сүрөт искусствосу, музыка, театр искусствосу, кино искусствосу, драматургия, адабият (поэзия, проза) жаатындагы чыгармачыл эмгектер кабыл алынат», — деп жазылат маалыматта.
Мамлекеттик сый акыга көрсөтүүгө төмөнкүлөр кабыл алынбайт:
– чыгармалардын жыйнактары;
– тиражы көрсөтүлбөгөн же 1000 (бир миң) нускадан аз жалпы тираж менен басылып чыккан, окулушу оор майда шрифт жана саптардын ортосундагы тыгыз интервал менен басылган адабий чыгармалар;
– изилдөө жана маалыматтык мүнөздөгү эмгектер;
– концерттик-аткаруучулук программалар, театрлаштырылган оюн-зооктор жана юбилейлик коюулар.
Мамлекеттик сый акыны изденип алууга талапкерлер Маданият министрлигине жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү чыгармачыл бирликтерине кайрылуусу зарыл. Кошумча суроолор боюнча 55-77-64 телефон номерине байланышса болот.
Сый акыны алууга тандалган жарандар тобуна Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреаты наамы ыйгарылып, төш белги жана анын күбөлүгү тапшырылат. Ошондой эле, 1 миллион сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык төлөнөт. Эгер Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка бир нече адам татыктуу болсо, анда аталган сумма аларга тең бөлүштүрүлүп берилет.
Сыйлык 1965-жылы Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитети, Кыргыз ССРинин Министрлер советинин токтому менен Токтогул Сатылгановдун 100 жылдыгына карата негизделген. 1967-жылы алгачкы лауреаттар аныкталып, андан бери 100дөн ашык инсанга, чыгармачыл топко берилген. Ошондон улам ал эски мамлекеттик сыйлыктардын бири деп эсептелет. Өлкөдөгү сыйлыктардын көпчүлүгү эгемендүүлүк алгандан кийин түптөлгөн.