Бүгүн, 1-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Туз көл — Өрдөк учар участкасында жаратылышты коргоо максатында жейрендерди жапайы жаратылышка коё берүү иш-чарасы өткөрүлдү.
2021-2022-жылдары Өзбекстандан атайын долбоордун алкагында 25 баш жейрен алып келинген. Натыйжалуу кам көрүүнүн жана биологиялык шарттардын ылайыктуулугунун аркасында бүгүнкү күндө алардын саны 70ке жетти. Алардын ичинен 30 жейрен бүгүн эркиндикке коё берилди. Калган жейрендерди кийинки жылы облусубуздун башка ыңгайлуу шарты туура келген жерлерине жайгаштыруу пландалууда.











