Кечээ, 8-июль күнү саат 16:30да Тоң РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кажы-Сай айылындагы пансионаттын пирсин куруп жаткан 8 жумушчу көл үстүндө понтон менен иштеп жаткан учурда катуу шамал болуп, толкун аларды көл жээгинен 3-4 чакырым алыстыкка чейин айдап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Бул маалымат катталып, окуя болгон жерге Тоң РИИБдин ыкчам-тергөө тобу жана туристтик экологиялык милиция кызматынын кызматкерлери барган. Алар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте ыкчам куткаруу иштерин жүргүзүп, туристтик-экологиялык милиция кызматынын моторлуу кайыгынын жардамы менен 8 жумушчуну аман-эсен көл жээгине алып чыгышкан. Куткарылгандар аман-эсен, ден соолуктарына эч кандай зыян келген эмес.











