Аба ырайы кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу Төө-Ашууда туман болуп, кар жаап жатат. Бул тууралуу Чүй милициясынан билдиришти.
Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө жолдо жүрүүдө баардык коопсуздукту так сактоого жана унаалар менен болгон аралыкты сактап жана карама-каршы тилкеге чыкпоого чакырат.











