Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде VOLVO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа аба тазалоочу вентиляторго тийип, унаалардын өтүшүнө кооптуулук жаратты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Учурда тоннель эки тараптуу унаалардын бардык түрүнө убактылуу жабылган. Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында нөөмөттө турган ӨКМдин куткаруучулары жана тоннелдин кызматкерлери тартылган. Учурда унаалардын бардык түрүнө эки тараптуу убактылуу жабык.









