Бүгүн, 27-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Төө-Ашууда жайгашкан Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин айланасын иретке келтирүү иштеринен кабар алды.
Учурда аталган тилкеде подрядчы компания тарабынан атайын техникалар тартылып, жер негизин даярдоо иштери активдүү жүрүүдө. Ведомство жетекчиси иш ыргагын ыкчамдатуу тапшырмасын койду.










