Төө-Ашуудагы тоннелде каттам эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Тоннелдин кызматкерлери аба тазалоочу вентиляторду чечип, оңдоого алып кетишкен. Ал эми куткаруучулар тоннелдин ичиндеги газды текшеришип, аба көрсөткүчү нормада экенин аныктап чыгышты. Саат 10:34тө жол каттамы эки тараптуу ачылып, унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө.
Буга чейин маалым болгондой, бүгүн тоннелдин ичинде оор жүк ташуучу унаа аба тазалоочу вентиляторго тийип, унаалардын өтүшүнө кооптуулук жараткан. Мындан улам тоннель эки тараптуу унаалардын бардык түрүнө убактылуу жабылган.










