Депутат Айгүл Айдарова бир мугалим босогодо туруп алып эки класска сабак берерин айтып ачууланды. Кеп Баткендеги Жаңы-Бак, Миң-Өрүк айылдарындагы мектептер тууралуу болууда.
Ал элеттердеги мектептерде көңүл бурулбай жатканын белгилеп, маселени чечип берүү үчүн агартуу министрине кайрылды. “Мен барып көрүп XVII кылымды элестеттим, бул уят нерсе! XXI кылымда жашайбыз, мектептерибиз заманбап болушу керек. Европанын мыйзамдарын кабыл алабыз, бирок XIX кылымда жашагандайбыз. Бир мугалим босогодо туруп эки жакка сабак берүү деген — шермендечилик! Мектептер жапыз, менин боюм 170 сантиметр. Эңкейип кирип жаттым, мындайча айтканда, кечирим сурайм, тооккана экен”, — деди депутат.
23-июлга караган түнү өлкөнүн аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп,...
Бүгүн, 22-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Базар-Коргон шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан 9 кабаттуу, 936 батирлүү үйлөрдүн курулуш...
ӨКМге караштуу Терең суу шайма-шай бекетинин суучулу Искендер Рысалинов суучул кесиби тууралуу кеңири маек куруп берди.“2-3 жыл мурда Аламүдүн капчыгайындагы...
Бишкектеги Курчатов көчөсүндө жайгашкан балдар үйүнүн тарбиялануучулары изделүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 21-июль күнү саат 12:30 чамасында...
Бүгүн, 22-июлда Жалал-Абад шаарындагы Бакиев көчөсүндө жайгашкан “Токтогул” эс алуу жайында өрт чыккан. Жерине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков барды. Шаар...