Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештеги жыйында эл өкүлдөрү Санариптик өнүктүрүү министрлигине талапкерлиги каралып жаткан Азамат Жамангуловдон бир тилде так, таза сүйлөөнү суранышты.
Төрага Тургунбек уулу Нурланбек: «Кыргыз тилинде сүйлөп жатканда бир дагы жолу санариптештирүү деп айткан жоксуз. Жалаң цифровизация, цифровизация дейсиз. Бул министрлик Санариптештирүү министрлиги деп аталат. Жок дегенде министрликтин аталышын толук кыргызча айтпайсызбы? Кыргыз тилинде сүйлөп жатканда жарымынан көбү орусча. Тилди кордоп жатасыз», — деди.
Мурдагы министр дагы тил маселесинин айынан көп сынга кабылганын айткан эл өкүлү Жамангуловду тилди бузбай сүйлөөгө чакырып, орусча сүйлөө мода эмес деди.