Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу белгилүү журналист, коомдук ишмер Шайырбек Абдырахман уулун кабыл алды.
Жолугушууда төрага социалдык тармактар аркылуу Манас баштаган кыргыздын көөнөрбөс мурастарын жайылтып, аудио китептерди даярдап жаткан Шайырбек Абдырахман уулун өзү жолугушууга чакырганын белгилеп, анын жүргүзүп жаткан ишине жогору баасын берди.
“Азыр чындыгында үңүлө түшүп китеп окугандар аз. Андыктан, учурдагы жагдайга ылайыктап, угузуп болсо да адамдарды чыгармалар менен тааныштырган ыкмаларды кеңири жайылтуубуз кажет. Бул жаатта сиздин жасап жаткан ишиңиз мактоого татыктуу. Өткөн чакты же техниканы эле шылтоо кылып олтура бербестен, өз алдыңызча демилге көтөрүп узак убакыттан бери аудио китептерди жаздырып келесиз”, – деди төрага.
Муну менен катар чет элдик тасмаларды да которуу ишине көңүл бурууга чакырды.
Өз кезегинде Шайырбек Абдырахман уулу жүргүзүп жаткан иштери, келечектеги пландары тууралуу учкай маалымат берип: “Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы Манас дастанын толугу менен аудиолоштуруп бүттүк. Эми Саякбай Каралаевдикин да аудио китеп кылып жазууну баштадык. Алдыда балдарга ылайыктуу чыгармаларды да аудиолоштурууну пландап жатабыз”, – деди.