Бүгүн, 3-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанда анын ичинде Бишкекте тейлөө кызматтарынын баасы кымбаттап кеткенин билдирди.
“Кафе, ресторан, чач тарач, такси жана башка тейлөө кызматтарынын баары эби жок кымбаттап кеткен. Биздеги баалар дүйнөдөгү мегаполис шаарлардан, Стамбулдан, Москвадан ашат. Бизнеске тоскоолдук жок, бирок бааны реалдуулукка алып келиш керек. Оюна келген бааны коюп жатышат, мониторинг жүргүзгүлө”, — деди ал Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисине.