Төрага Маматалиев: “Буга чейин башка өлкөлөр Кыргызстанды таанычу эмес”
Бүгүн, 4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Марлен Маматалиев Кыргыз Республикасынын 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттар уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен жалпы кыргызстандыктарды куттуктап, бул өлкө тарыхындагы өзгөчө окуя экенин баса белгиледи.
Муну менен катар дүйнө коомчулугу буга чейин Кыргызстан тууралуу ар кандай пикирде болуп, ал тургай жок болуп кетиши мүмкүн болгон өлкөлөрдүн катарында кошкон учурлар да катталганын айткан төрага: «Кудайга шүгүр, соңку беш жыл аралыгында Президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевичтин жетекчилиги астында мамлекетибиз чоң өзгөрүүлөрдү башынан кечирип, экономикалык көрсөткүчтөрүбүзгө өзүбүз эле эмес, эл аралык каржы институттары, башка өлкөнүн лидерлери да жогору баасын беришүүдө. Андыктан кечеги жеңишибиз мамлекет башчыбыздын тышкы саясатты тең салмактуу жана жигердүү жүргүзгөндүгүнүн жемиши болду», – деди.
Мындан тышкары, БУУдагы шайлоо жараяндары татаал болгонун айткан Марлен Маматалиев: «Ал жерге 190дон ашуун мамлекет катышып, ар бир өлкө өз оюн айтып, добушун берет. Ошондуктан, жеңишибиздин аркасында чоң жумуштар жасалганын баса белгилешибиз керек», – деп кошумчалады.
Ошондой эле Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы мындан ары да өлкөнүн аброюн арттырууга чоң өбөлгө түзөрүн айткан Марлен Маматалиев: «Бул мамлекетибиздин таанылышына гана мүмкүнчүлүк бербестен, дүйнөлүк масштабдагы маселелерге үн кошуп, айрым жагдайларга чечкенге да аянтча болуп берет. Андан сырткары, туристтик жана инвестициялык потенциалыбызды да жогорулатууга көмөкчү болот», – деди.