«Каракол» тоо лыжа базасына барчу жол тынымсыз тазаланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
«Келген коноктордун жана жергиликтүү элдин ыңгайлуулугу менен жол кырсыгын алдын алуу максатында “Каракол” тоо лыжа базасына барчу жол үзгүлтүксүз тазаланып, инерттик материалдарды чачуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Жумуштар “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №11 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан аткарылып жатат», — деп айтылат билдирүүдө.
“Каракол” тоо лыжа базасынын жолу 2023-жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүп берилген. Быйыл жалпы 7 чакырым жолдун 3,5 чакырымына асфальт төшөлдү. Министрлик жети дубанда жайгашкан жаратылышы кооз жерлерге жете турчу жолдорду оңдоо жана кышкы кармоо иштерине өзгөчө көңүл буруп келет.