Түндүк-түштүк альтернативдик жолу май айында ачыла тургандыгын Транспорт министрлигинен билдиришти.
Министрлик соцтармактарга аталган жолдун видеосун бөлүштү. Долбоордун жалпы узундугу 433 чакырым жолду түзөт. Эки оор жүк ташуучу унаа бата турган тоннель жана эки эстакадалык көпүрө бар. Ал эми Жалал-Абаддан Балыкчыга 6 саатта жетсе боло тургандыгы видеодо айтылат.