Түндүк-түштүк альтернативдик унаа жолу тазаланып, каттам эки тараптуу ачылды
Кечээ, 21-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен түндүк-түштүк альтернативдик унаа жолунун 361-370-чакырым аралыгына сел түшкөн.
Жеринде атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери ыкчам жүргүзүлдү. Натыйжада жол бүгүн, 22-июнда таңкы саат 05:00дө тазаланып, каттам эки тараптуу ачылды. Учурда жолду кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.