Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Үлгү айылынын тургуну жалгыз бой эне ГүлшайырТашполотовага жаңы үй тапшырылды.
Маалыматка ылайык, эки балалуу эне ондогон жылдар бою Орусияда иштеп, Үлгү айылынан там сатып алган. Бирок 2021-жылдын декабрь айында турак жайы толугу менен өрттөнүп кеткен. Үй-жайсыз калган Гүлшайыр Ташполотованын кайрадан там курууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, жардам сурап февраль айында Камчыбек Ташиевге кайрылган.
Ташиев жардам колун сунууга даярдыгын дароо билдирип, курулуш мезгили келиши менен 33 күндүн ичинде жаңы үй куруп берди. Анда жашоо үчүн бардык керектүү шарттар камтылган.
Жаңы үйдүн ачкычын Камчыбек Ташиев Гүлшайыр Ташполотовага айыл аксакалдарынын жана үй ээсинин жакындарынын катышуусунда тапшырды.
Президент, Жогорку Башкы командачы Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттердин алкагында, улуттук коопсуздук органдары Ички иштер министрлиги жана прокуратура органдары менен...
Акыркы убакта маалымат каражаттарында укук коргоо органдарынын ишин координацияланбаган жана карама-каршы көрүнүш катары чагылдырууга аракет жасаган маалыматтар көбөйүүдө. Бул тууралуу...
"Камчыбектин үйүн музейге айлантуу керек!". Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиев соцтармактагы баракчасына жазды. "Ош шаарынын чок ортосунда СИЗО жайгашкан...
Социалдык тармактарда Тамчы аймагындагы көл жээгинде жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча такталбаган маалыматтар тарап жатканына байланыштуу Курулуш министрлиги маалымат таратты. "Көлдүн...
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев суучулдар менен биргеликте Ысык-Көлдөн браконьерлик торлорду алып чыгууда. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты. 2026-жылдын башынан бери...